Унаа айдаганды үйрөнүп жаткан кемпир инструкторду кагып өлтүрүп алды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРабота автосалонов в Омске
Работа автосалонов в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда укук коргоо органдары видео көзөмөл аркылуу окуянын кандайча болгонун текшерип жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Польшанын Рыбник шаарында 68 жаштагы кемпир унаа айдаганды үйрөнүп жатып инструкторду кагып өлтүрүп алды. Кырсык экзамен берүү учурунда болгонун TVP Info аттуу жергиликтүү телеканал билдирди.

Не спецоперация, а кошмарный аттракцион — видео спасения американки в горах - Sputnik Кыргызстан
Куткарбай эле куурата жаздап... Кемпирди тоо арасынан алып чыккан видео
Окуя 24-июнь күнү болгон. Полициянын маалыматына караганда, башка окуучу менен иштеп жаткан 35 жаштагы инструкторду унаа менен койдуруп кеткен. Жабырлануучу ошол жерден жан берген. Анын өлүмүнө себепкер болгон кемпир ушул убакка чейин шок абалынан чыга албай жатканы кошумчаланды.

Учурда укук коргоо органдары видео көзөмөл аркылуу окуянын кандайча болгонун текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0