Той өткөрүүгө бараткан жаш жубайлардын өлүмү. Жол кырсыгынын видеосу

Жазылуу
Окуя Мексикада болгон. Кырсыктын кесепетинен жубайлардын экөө тең каза тапты.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Мексикада "Севильи" жаштар командасынын 20 жаштагы Жоао Малек аттуу чабуулчусу унаасы менен катуу баратып жаңы баш кошкон жубайлардын автосун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жаш жубайлар каза тапкан. Бул тууралуу RT маалымдады. 

Окуянын видеосу Twitter баракчасына жүктөлдү.

​Маалыматка караганда, футболчу рулду башкара албай калган. Натыйжада алдыдагы унааны сүзүп, жол четине ыргып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы киши менен 26 жаштагы аял каза тапкан. Алар эки жылдан ашык убакыт сүйлөшүп жүрүп, бир күн мурун никеге турушкан. Кырсыкка кабылган күнү алар тоюна бара жатышканы айтылды.

Футболчу полициянын колуна түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0