Дарчы бир туугандар 25 кабаттуу үйлөргө тартылган аркандан бири-биринен аттап өттү

© REUTERS / EDUARDO MUNOZГиннес китебине кирген рекордчу, америкалык дарчы Ник Валленда Нью-Йорктогу Таймс-сквер аянтындагы 25 кабаттуу үйлөрдүн ортосуна тартылган аркандан басып өттү
Гиннес китебине кирген рекордчу, америкалык дарчы Ник Валленда Нью-Йорктогу Таймс-сквер аянтындагы 25 кабаттуу үйлөрдүн ортосуна тартылган аркандан басып өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акробаттарды жерде жүздөгөн туристтер менен шаар тургундары карап турду.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Гиннес китебине кирген рекордчу, америкалык дарчы Ник Валленда Нью-Йорктогу Таймс-сквер аянтындагы 25 кабаттуу үйлөрдүн ортосуна тартылган аркандан басып өттү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Дарчы бул жолу татаал жолду жазгыз эмес, карындашы Лияна менен биргеликте басып өткөн. Узундугу 396 метрге жеткен аркандын эки башынан бир туугандар бири-бирин көздөй баскан. Дал ортосуна жеткенде бири экинчисин аттап өтүп, андан ары жолун улап кетишти.

​Акробаттарды жерде жүздөгөн туристтер менен шаар тургундары карап турду.

Октагон. Архив - Sputnik Кыргызстан
9 секундда жайлады! UFC мушкеринин чагылгандай нокауту видеодо
Маалыматка караганда, бул Лияна Валленданын 2017-жылкы катуу жаракат алгандан кийинки алгачкы жолу "жарыкка" чыгышты. Анда спортчу аркан үстүндө бир нече адам менен биргеликте татаал трюк аткарып жатып кулап түшкөн. Жыйынтыгында бир нече жери сынып кеткен.

Ник Валленда — айтылуу цирк артисттеринин династиясынын чыккан дарчы. Буга чейин Ниагара шаркыратмасы менен Гранд-Каньондон аркан аркылуу өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0