Өткөн суткада Сирияга Ливан менен Иорданиядан 1,2 миң качкын кайтты

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүСирия. Архив
Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириянын Куралдуу күчтөрү аймакты жардыруучу заттардан тазалоо иштерин аткарып, бир суткада 3,2 гектар жерди зыянсыздандырышкан.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Ливандан 380, ал эми Иорданиядан 850гө чукул сириялык мекенине кайтып келди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта качкындардын 372си аялдар болсо, 632си жаш балдар экени айтылды. Бөтөн жерде баш калкалап жерине кайткандардын арасында үч эркек киши бар.

Сириянын Куралдуу күчтөрүнүн инженердик бөлүмү аймакты жардыруучу заттардан тазалоо иштерин аткарып, бир суткада 3,2 гектар жерди зыянсыздандырышкан. Натыйжада 57 жарылуучу зат табылып, жок кылынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0