Путин кайсы окуя үчүн уяларын айтып берди

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин бул тамашалуу суроолордон эмес экендигин белгилеп, миллиондогон кишинин көзүнчө жооп берүү кыйын экендигин айткан.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин тизесине чөгөлөгөн кемпирдин катын жоготуп алганы үчүн азыркыга чейин уялып келет.

Бул тууралуу өлкө башчы түз эфир учурунда берилген суроого жооп берип жатып айтты.
Путин бул тамашалуу суроолордон эмес экендигин белгилеп, миллиондогон кишинин көзүнчө жооп берүү кыйын экендигин белгиледи.

"Мен ушул окуяны мурда дагы айтсам керек. Ачыгын айтканда, азыр деле айтып берүү кыйын. Анда 2000-жылдар болчу, мен көп жакты кыдырчумун, өлкөнүн абалы оор эле. Бир ирет айылдардын бирине барып калдык. Иш бүтүп, түн кирип, унаада күздүн ылайлуу жолдору менен бараттык. Бир маалда улгайган аял пайда болуп, түшүнүксүз бир нерселерди сүйлөп, тиземе жыгылып, кат таштады. Мен ага сөзсүз катты карайм дегем. Катты жардамчыга бергем, бирок жоготуп алдык. Муну эч качан унутпайм", — деген Путин.

Блогер Амиран Сардаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Блогер Путинге суроо берип, шаурмасын жарнамалап жетишти. Видео
РФ башчысы бул окуя үчүн азыркыга чейин уяларын айтып, келген каттарды убагында карап чыкканга аракет кыларын кошумчалаган.

"Суроону дайыма чечүү мүмкүн эмес, арасында чечүүгө мүмкүн болбогондору бар. Мен ондогон каттарды окуп жүрүп, жоготуп ийген катта эмне маселе бар экендигин түшүнгөндөй болдум. Балким, абакта отурган баласына жардам сурагандыр, же башка ушул сыяктуу көйгөй болушу ыктымал. Бирок кептин баары катты биз жоготуп жибергенибизде болуп жатпайбы", — деди Путин.

Түз байланышта Путин россиялыктардын суроолоруна жооп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0