Путин санкциядан Россия, Евробиримдик жана АКШ тарткан зыянды салыштырды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүПрямая линия с президентом РФ Владимиром Путиным
Прямая линия с президентом РФ Владимиром Путиным - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евробиримдик россиялык рынокту жоготуп алып жаткандыгын кошумчалады.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Россия ага санкция киргизилген 2014-жылдан тарта 50 миллиард доллар, Европа биримдиги 240 миллиард доллар жоготкон. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин калк менен болгон түз байланышта журналисттин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал «Россиянын экономикасына санкциялардын алып салынышы эмне берет?» деген соболго жооп берген.

"Бул эмне берет же бербейт, же биз эмне жоготуп жатабыз? Карап көрөлүчү. Эксперттик маалыматтарга караганда, Россия бул жалдары 50 миллиард доллар албай калды. Ал эми Европа биримдиги 240 миллиард, АКШ 17 миллиард доллар жоготту. Алар менен биздин соода байланыш анча деле көп эмес. Япония 27 миллиард акчадан кол жууган", — деди Россия лидери.

Путин санкция аталган өлкөлөрдүн экономикасына өзүнүн таасирин тийгизип жаткандыгын, ал эми Евробиримдик россиялык рынокту жоготуп баратканын кошумчалаган.

Түз байланышта Путин президент россиялыктардын суроолоруна жооп берип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0