Зеленский калчылдаган Меркелге эмнеге жардам бербей койгонун айтты

© REUTERS / HANNIBAL HANSCHKEУкраина президенти Владимир Зеленский Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда
Украина президенти Владимир Зеленский Германия канцлери Ангела Меркель менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер канцлердин абалы эмнеге начарлап кеткенин божомолдошту.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский кызыл килемде туруп абалы начарлаган Германия канцлери Ангела Меркелге эмне үчүн жардам бербей койгонун түшүндүрүп берди. Анын сөздөрүн Bild келтирген.

"Мен анын жанында тургам. Меркель айым коопсуз абалда болчу, ишенип койгула", — деди Зеленский маалымат жыйында.

Эскерте кетсек, Украина президентинин Германияга болгон сапарынын учурунда Зеленский менен жанаша турган Меркелдин саламаттыгы кескин начарлап, бүткөн боюн калтырак баскан. Бир мүнөткө чукул калчылдап турган канцлерге Зеленский эч кандай жардам көрсөткөн эмес, көрмөксөн болгондой элес калтырган.

Президенттин мындай кадамы коомчулукта бир топ терс пикирлерди жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0