Куштун эти малдыкындай эле зыян экендиги маалым болду

© AP Photo / Mel EvansКуриное мясо
Куриное мясо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда кызыл өңдүү этке салыштырмалуу ак эт ден соолукка пайдалуу деп айтылып келген.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Куштун эти малдыкы сыяктуу эле зыян экендигин "Известия" Сан-Францискодогу калифорниялык окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Атайын иликтөөгө 100 эркек жана аял катышып, алардын бир бөлүгүн тооктун эти менен багышса, айрымдарына уйдун этин берип, калганын өсүмдүк азыктары менен тамактандырышкан.

"Анализдердин жыйынтыгы боюнча куштун этин жегендердин канында ЛПНП-холестериндин (жаман холестерин деп коюшат — ред.) деңгээли малдын эти менен тамактангандардан кем калган эмес. Анткен менен өсүмдүк азыктарын колдонгондордо төмөнүрөөк болгон", — деп жазылат басылманын маалыматында.

Мурда кызыл этке салыштырмалуу ак эт ден соолукка пайдалуу деп айтылып келген эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0