10:17 18 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Таштанды толгон дарыя. Архив

Өнүккөн өлкөлөр желим таштанды менен күрөшүн баштады

© REUTERS / MOHAMMAD PONIR HOSSAIN
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
166 0 0

Кооптуу таштандылар маселеси Кыргызстанда дагы курч.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. G20 уюмуна кирген өлкөлөр океандар булгана баштаганына байланыштуу желим таштандылардын санын азайтуу максатында эл аралык орган түзүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Мындан ары уюмга кирген ар бир мамлекет желим ташдандылар менен күрөшүү боюнча иш-чараларды аткарып, жыйынтыгы тууралуу жаңы органга отчёт берип турушу керек.

Иш-чаранын негизги максаты — жылдан-жылга бузулуп бара жаткан экологияны жакшыртуу.

Эске салсак, G20 уюмуна кирген өлкөлөрдүн экология жана энергетика министрлеринин жыйыны 15-16-июнда Япониянын Каруидзава шаарында болуп өттү. Аталган уюмга Австралия, Аргентина, Бразилия, Улуу Британия, Германия, Кытай, Россия, Сауд Аравиясы, АКШ, Түркия сыяктуу экономикасы өнүккөн өлкөлөр жана Европа биримдиги кирет.

Кооптуу таштандылар маселеси Кыргызстанда дагы курч. Маселен, Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиевдин айтымында, көлдөн чыккан таштандынын теңинен көбү желим баштык менен пластик идиштер.

Тема боюнча

Иманалиев: Ысык-Көлдөн чыккан таштандынын теңинен көбү желим баштык
Белгилер:
күрөш, таштанды, желим баштыктар

ЭҢ МААНИЛҮҮ