Өтүнөн 8 миңдей таш чыгып... Тамактан баш тарткан аял оорунун кесепетин тартты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОткрытие новых операционных в клинической больнице Новосибирска
Открытие новых операционных в клинической больнице Новосибирска - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таштардын чоңу бөдөнөнүн жумурткасындай экендиги айтылат.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарынын жашоочусунун өтүнөн дарыгерлер миңдеген таш алып чыгышканын Daily Mail жазды. 

Французская гражданка Мари-Тереза ​​Бардет - Sputnik Кыргызстан
Адам 50 жаштан кийин эмнеге бат карый баштайт? Окумуштуулардын иликтөөсү
Операция үч саатка созулуп, хирургдар 54 жаштагы аялдын өтүнөн 8 миңдей таш алып чыккан. Таштардын чоңу бөдөнөнүн жумурткасындай экендиги айтылат.

Дарыгерлер бейтап суу ичпей, эртең мененки тамакты да жебей жүргөнү үчүн өтүнө таш толуп кеткенин айтышкан. Аял жети жыл мурда эле оорусу тууралуу билгенин, бирок доктурлар анын кан басымы жогору болгондуктан операция жасабай койгонун айткан.

Келин ичи ооругандыктан кайрадан бейтапканага кайрылып, ичинде ушунча таш бар экендигине таң калган.

Ал эми аны операция жасаган Шэнь Чжанъи бейтапканасынын директору мындай учурга биринчи ирет туш болгонун жашырган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0