Эркектер кантип гейге айланат. Окумуштуулардын иликтөөсү

© AFP / VLADIMIR RODASГей-парад в Сантьяго, Чили
Гей-парад в Сантьяго, Чили - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоздор үч факторду бөлүп карашкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Сологойлук, агаларынын көптүгү жана үй-бүлөдө ориентациясы башкача туугандарынын болушу эркек баланын келечекте гей болуп чоңоюшун шартташы мүмкүн. Торонто университетинин окумуштуулары жасаган иликтөө PNAS журналына жарыяланды.

Илимпоздор 800 гейдин өзгөчөлүгүн анализдеп чыгып, гомосексуалдуулукка байланышкан бир нече факторлорду аташты.

Актер, кинорежиссер и сценарист Джеки Чан - Sputnik Кыргызстан
Жеки Чандын кызы өзүнөн 11 жаш улуу аял менен баш кошту
Ага ылайык, бүлөдө катары менен төрөлгөн уулдардын улам кийинкисинин гей болуп калуу ыктымалдыгы күч экен. Окумуштуулар эне кош бойлуу кезинде айрым антителолордун концентрациясынын өсүүсү түйүлдүккө таасир этерин аныктап чыгышкан. Макаланын авторлору бир нече агасы бар баланын ориентациясынын өзгөрүп кетүү мүмкүндүгү 15 пайызды түзөт дешүүдө.

Мындан тышкары, гейлердин арасында кадимки эркектерге караганда сологойлордун саны 34 пайызга көп болуп чыккан.

Ошону менен эле бирге ата журту жана тая журту жагынан гомосексуалдардын болушу бул абалды курчуткан.

"Бирок бул факторлордун баарын дайым эле чогуу карай берүүгө болбойт. Мындай жалпы көрүнүшкө карабастан иликтөөгө алынган гейлердин 63 пайызында аталган белгилердин бири да болгон эмес. Алардын көбү кадыресе эркекке тиешелүү, мисалы, өрт өчүрүүчү же автомеханик сыяктуу кесиптерди тандашкан. Ал эми агалары көп балдардын басымдуу бөлүгү аялдарга тиешелүү делген жумушта иштегени белгилүү болду", — деп жазылат макалада.

Окумуштуулар жалпы жонунан алганда баланын ориентациясынын өзгөрүүсүнө тубаса өзгөчөлүгү таасир этерин белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0