Россияда баланы сыртка алып чыгуу боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди

© Sputnik / Ирина Попова / Медиабанкка өтүүБала көтөрүп турган аял. Архив
Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юристтердин түшүндүргөнүнө караганда, жаңы эреже баланы эта-эненин биринин эркине каршы өлкөдөн чыгарып кетүүгө бөгөт коет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. 12-июндан тарта Россиядан баланы чет өлкөгө алып чыгуу боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бала көтөрүп турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласын таштап, чет өлкөгө кетип жаткан ата-энелер үчүн жаңы мыйзам. Чоо-жайы
Ага ылайык, эми бойго жетек элек баланы башка мамлекетке алып чыгууга ата-эненин бири каршы болсо алдын ала полицияга арыз жазып, сот аркылуу чечип алышы керек.

Мурдагы шарттар боюнча баласынын өлкөдөн чыгышына каршы болгон ата же эненин Чек ара кызматына гана кайрылып коюусу жетиштүү болчу.

Юристтердин түшүндүргөнүнө караганда, жаңы эреже баланы эта-эненин биринин эркине каршы өлкөдөн чыгарып кетүүгө бөгөт коёт.

"Өз каршылыгы тууралуу арызды ИИМдин жакын жердеги каалаган бөлүмүнө берүү оңоюраак. Анткени полиция бөлүмдөрү чек ара бөлүмдөрүнө караганда 2-3 эсе көп", — деп айтылат макалада.

Бул мыйзам Россиянын бардык жарандарына тиешелүү. Белгилей кетсек, Россия жарандыгын алган кыргыздар аз эмес.

КР Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, 2018-жылдын 1-мартына карата маалымат боюнча Россияда 632 миң 337 кыргызстандык болгон. Алардын ичинен 876сы эле 2017-жылы Россия жарандыгын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0