Турист 40 жылдан бери бекип турган сейфти кокусунан ачып алды

© AFP / JUSTIN SULLIVANСейф. Архив
Сейф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин сейфтин ичинде эмне бар экенин эч ким билчү эмес. Ачылгандан кийин эски документ, официанттын блокноту жана чек табылган.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Канададагы турист 40 жылдан бери бек турган, эч ким сындырып да ача албаган сейфти кокустан ачып койду. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия Global News басылмасына таянып кабарлады.

Мейманкананын номерин жыйнап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлмөгө киши түнөтпө! Эс алуудагы мейманканада жашоо этикети
​Билдирмеге караганда, турист үй-бүлөсү менен Альберт провинциясында эс алып жүргөн. 36 жашар Стивен Миллс дем алышы узакка созулуп кеткендиктен, музейге кире кетүүнү чечкен. Музей анча популярдуу болбогондуктан жабык болчу. Бирок туристтерге экскурсия жасалган.

Музейге белек катары берилген сейф тууралуу туристтерге маалымат айтылып, аны 40 жылдан бери эч ким ача албай койгону кабарланган. Бул учурда туристтердин арасындагы Миллс оюна биринчи келген 20, 40, 60 комбинациясын колдонуп, сейфти ачууга аракет кылып көрөт. Ал сандар туура чыгып, сейф ачылып, элдин баарын таң калтырган.

"Буга чейин анын ичинде эмне бар экенин эч ким билчү эмес. Көрсө, сейфте эски документ, официанттын блокноту жана чек бар экен", — деп жазылат кабарда.

Музей жетекчисинин айтымында, турист бул иши менен тарыхый жайды жабылып калуу коркунучунан сактап калган. Анткени аталган маалымат ЖМКга чыккандан кийин музейге келген туристтердин саны арбыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0