Путиндин жансакчылары Си Цзиньпинди кулатпай сактап калышты. Видео

© REUTERS / MAXIM SHEMETOVПетербургский международный экономический форум. День второй
Петербургский международный экономический форум. День второй - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытай лидери ылдый жакта турган адам менен кол алышып учурашкысы келген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Россияда өткөн Петербург эл аралык экономикалык форумунда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин аз жерден сахнадан кулап кете жаздады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

​Кезектеги жыйын бүтөрү менен бери жакта турган кытайлык журналисттер лидерине кайрылышкан. Айрымдар суроо бергиси келсе, башкалары сүрөткө түшүүнү көздөгөнү айтылат. Ошол маалда сахнанын ылдый жагында турган адам менен кол алышып учурашкысы келген президент кулап кете жаздаган.

“Жыгылып бара жаткан лидерди орус президентинин жансакчылары кармап калды. Андан соң президент жайбаракат ары басып кетти”, — деп жазылат макалада.

Петербург эл аралык экономикалык форуму 6-8-июнь күндөрү Россияда өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0