Дүйнөдө 120 миллион адам дайыма ачка жүрөт. БУУнун иликтөөсү

© REUTERS / ABDULJABBAR ZEYADЙемендин жашоочусу. Архив
Йемендин жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга тыйылбаган согуштар жана ири державалар ортосундагы пикир келишпестиктер себеп болуп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Учурда дүйнө жүзү боюнча 120 миллион адам ачкачылыкта жашайт. Эл аралык уюмдар бул кырдаалды 2030-жылга чейин жоюуну пландап жатканын БУУнун Азык-түлүк боюнча дүйнөлүк программасынын директору Дэвид Бизли РИА Новости агенттигине айтып берди.

"Биздин максат — 2030-жылга чейин ачкачылыкты жоюу. Ушул күндөрү жер жүзүндө 821 миллион кишинин колу азык-түлүккө жетпей турат. Анын ичинен 120 миллиону дайыма ачка жүрөт", — деди ал.

Известный композитор, народный артист КР Калыйбек Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Калыйбек Тагаев: немистердин өлгөн балдарынын кийимин жыртып чоңойдук
Директордун пикиринде, буга аягы тыйылбаган согуштар жана ири державалар ортосундагы пикир келишпестиктер себеп.

"Тынчтык менен токчулук дайыма бирге жүрчү нерселер. Бирок азыр согуштар тыйылбай келет. Бул биздин эң биринчи көйгөйүбүз", — деди Бизли.

2015-жылдын сентябрь айында БУУнун кезектеги саммитинде "Ачкачылыкты 2030-жылга чейин жоюу" программасы кабыл алынган. Анда азык-түлүк жетишсиздиги көйгөйүнөн кутулуудан тышкары климаттын кескин өзгөрүшүнө каршы туруу жана гендердик теңчилик маселелери камтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0