Туруксуз уйку адамдын семирүүсүн шарттайт. Иликтөө

Жазылуу
Адистер 45 жаштан 84 жашка чейинки эки миңден ашык кишиге алты жыл бою көз салышкан.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. АКШнын Бригам аялдар ооруканасынын окумуштуулары уйкусун өткөрүп же эрте жатып алуунун ден соолукка тийгизген таасирин изилдешкен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайсы оору түрмөгө отургузбайт? Илдеттердин тизмеси
Иликтөөдө адам дайыма бир маалда жатышы керектиги айтылат. Өз учурунан бир саат өткөрүп же андан эрте уктагандардын кан басымы көтөрүлүп, диабет жана семирүү дартына чалдыгуусу кыйла жогору болгон. Ошондой эле организмдеги заттардын алмашуусу 27 пайызга бузулган.

Адистер 45 жаштан 84 жашка чейинки эки миңден ашык кишиге алты жыл бою көз салышкан. Алар уйкусунан калган же эрте жатып алган кишилердин зат алмашуусу жакшы эмес экенин аныкташкан. Башкача айтканда, түндө түрдүү убакта уктоону адат кылып алгандардын жүрөк оорусуна чалдыгуу ыктымалдуулугу башкаларга салыштырмалуу 27 пайызга көп болгон. Себеби адамдын денесиндеги зат алмашуу процесси дал ушул уйкудан көз каранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0