БУУнун катчысы кансыз согуштун алдын алуу жолун айтты

© AFP / JONAS EKSTROMER / TT / TT NEWS AGENCYБириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш. Архив
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баш катчынын айтымында, саясий көйгөйлөр өнүгүү жолунан тайдырып, коопсуздукка залакасын тийгизиши мүмкүн.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш кансыз жаңы согуштун алдын алуу боюнча аракеттерди көрүү зарыл экенин айтты.  Бул туурасында РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Санкт-Петербург шаарында эл аралык экономикалык форум өтүп жатат.

Гуттереш өз сөзүндө акыркы кезде бир державанын гүлдөп-өсүшү менен экинчиси өз таасирин азайтып жатат деген кеп-сөздөр модага айланып жатканын белгиледи.

"Бул чырдын башы. Учурунда Спарта Афинанын өнүгүшүнөн чочулап, мындай жагдай Пелопоннес согушун шарттаган. Мен акыры согуш чыгат дегенден алысмын. Бул жерде лидерлердин өз убагындагы даанышмандыгы, көрөгөчтүгү менен кансыз согуштун алдын алуу жөнүндө сөз болууда. Биз климаттын эле көйгөйүн айта бербей, глобалдык саясий өзгөрүүлөрдүн да маселесин чечишибиз керек. Саясий көйгөйлөр өнүгүү жолунан тайдырып, коопсуздукка залакасын тийгизиши мүмкүн", — деди ал.

Эске салсак, форум 6-8-июнга белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0