Хабиб Нурмагомедов UFC уюму менен эң кымбат жаңы келишимге кол койду

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүЧествование Хабиба Нурмагомедова в Махачкале
Чествование Хабиба Нурмагомедова в Махачкале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал үчүн Дана Уайт айрым мүлкүн сатууга аргасыз болду.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Эр уруш боюнча россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюму менен жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу Р-спорт басылмасы жазды.

Ага ылайык, Нурмагомедов промоушендеги акча эң көп төлөнгөн спортчу болуп калды.

"Келишим абдан кеңири болгондуктан Дана Уайт күрөөканага барып айрым мүлкүн сатууга аргасыз болду. Бул адилеттүү келишим", — деген пикирин россиялык мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз билдирди.

Буга чейин маалым болгондой, UFC уюмунун жеңил салмак категориясы боюнча чемпиону Нурмагомедов америкалык Дастин Пуарье менен 7-сентябрда Абу-Дабиде беттешет. Бул мелдеш Нурмагомедов үчүн турнирден четтетилгенден кийинки биринчи кармашы болот. Нурмагомедов буга чейин 27 ирет беттеш өткөрүп, бардыгын жеңген.

Жаңылыктар түрмөгү
0