Музыка дүйнөсүндөгү эң бай ырчы аял белгилүү болду

© AP Photo / Evan Agostini / InvisionФестиваль искусств в Нью-Йорке
Фестиваль искусств в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Forbes журналы ырчы байлыгынын негизги бөлүгүн кайдан тапканын да жазган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Америкалык ырчы жана актриса Рианна Forbes журналынын версиясы боюнча музыка дүйнөсүндөгү эң бай аял аталды. Анын байлыгы 600 миллион доллар деп бааланган.

Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Миллиондоп киреше таап, "көчөдө жашап"... Бишкек акимдеринин олку-солку байлыгы
Маалыматка ылайык, анын байлыгы Мадоннадан 570 миллион долларга, Селин Диондон 450 миллион долларга жана Бейонседен 400 миллион долларга көп.

Рианна негизги байлыгын эл аралык LVMH Moet Hennessy Louis Vuitton компаниялары менен кызматташуудан тапкан. Андан сырткары, ырчы менен LVMH компаниясы Fenty Beauty косметикалык брендине ээ. Ал 2017-жылдын сентябрь айынан тарта сатыкка чыккан. Алгачкы жумада эле компания 100 миллион доллардан ашык каражатка соода кылган. Forbes журналынын жазганына караганда, косметиканы сатууда Рианнанын 71 миллион киши катталган Instagram баракчасы маанилүү роль ойногон.

Жаңылыктар түрмөгү
0