Жарым жылаңач чуркап чыгып... Instagram моделдин аккаунтун блоктоп салды

© AP Photo / Armando FrancaАмериканская модель Кинси Волански на футбольном поле во время финала Лиги чемпионов сезона 2018/2019 между английскими клубами "Тоттенхэм" и "Ливерпуль"
Американская модель Кинси Волански на футбольном поле во время финала Лиги чемпионов сезона 2018/2019 между английскими клубами Тоттенхэм и Ливерпуль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздын катталуучуларынын саны бир түндө эле 2,5 миллионго чукулдап барган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Америкалык модель Кински Воланскинин Instagram-аккаунту блокко түштү. Мындай кадамдын себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Белгилей кетсек, Волански 1-июнь күнү Чемпиондор лигасынын финалына чыккан "Ливерпуль" менен "Тоттенхэмдин" беттеши учурунда талаага жарым жылаңач болуп чуркап чыккан. Мунун айынан оюн токтоп калган. Аны дароо кармап, оюн талаасынан алып кетишкен. Моделдин бул кылыгынан кийин Instagram баракчасына жазылгандардын саны 300 миңден 2,5 миллионго өсүп кеткен.

Аккаунтунун иштебей калышын Волански Twitter баракчасынан кабарлады.

​Белгилей кетсек, финал 2:0 эсебинде "Ливерпулдун" жеңиши менен аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0