Баланын колуна канча жашынан баштап акча берсе болот? Эксперттердин кеңеши

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТыйын кармап турган бала. Архив
Тыйын кармап турган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча эксперттер ата-энелерге кеңештерди сунуштаган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын Финансы министрлигинин каржылык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун эксперттери балага акча берүүнүн жолдору тууралуу ата-энелерге кеңеш берди.

Долбоордун директору Анна Зеленцова баланын мектепке чейинки курагында эле акча колдонууну үйрөтө берүү зарылдыгын РИА Новостиге билдирген.

"Ата-эне дүкөнгө барганда тыйындарды, купюраларды баласына эсептетип, сатуучуга берген акчанын кайтарымын алганга үйрөтүш керек. Оюнчук сатып берүүнү суранса, ага канча кетерин белгилеп, ата-энелер акчаны оңой эле жасап алгандай түр көрсөтпөй, иштеп таба турганын түшүндүрүүсү кажет", — деп айткан Зеленцова.

Ал эми долбоордун директорунун кеңешчиси Екатерина Лавренова акча сактоонун майда-барат жолдоруна да көңүл буруу зарылдыгын белгилеген. Дүкөнгө барганда алданып калбаш үчүн акчаны кантип сакташ керектигин да үйрөтүү абзел.

Басып бараткан толук аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар чоң курсактан арылуунун эң оңой жолун айтышты
"Биринчиден, эгер үй-бүлөдө мүмкүнчүлүк болуп турса дагы балага көп суммадагы акча бербеш керек. Экинчиден, акчанын максаттуу пайдаланышына маани берүү шарт. Мисалы, жаш баланын колуна эки миңди карматып "өзүңө бир нерсе сатып ал" деп коюу туура эмес", — деп айткан Лавренова.

Ал эми "Канча жашынан тарта колуна акча кармата берсе болот?» - деген суроого: "Бирдиктүү эреже жок",- деп жооп берип, ар бир баланы өзүнчө кароо керектигин белгилеген. Ошол эле учурда биринчи класска баргандан тарта берүү туурараак экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0