Соцтармактагы баракчаңды көрсөт! АКШ мигранттар үчүн шартты катаалдатты

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVТелефондогу тиркемелер. Архив
Телефондогу тиркемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин арызда телефон номер менен электрондук даректи көрсөтүү жетиштүү болчу.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти визанын үч категориясын берүүдө жаңы эрежелерди кабыл алганын ВВС жазып чыкты.

Эми Американын визасын алууну каалагандар социалдык тармактагы баракчаларын да көрсөтүүгө милдеттүү. Ал эми андай баракчаларды пайдаланбаган адам жок экенин көрсөтүүгө тийиш. Бирок адамдын алдап койгону аныкталса, кесепети өтө оор болору эскертилди.

Города мира. Токио - Sputnik Кыргызстан
Япон депутаты кыргызстандыктардын виза алуусуна көмөктөшмөй болду
Жаңы эреже 2019-жылдын 31-майынан тарта иштей баштады. Мекеме арыз жазган адамдар тууралуу кошумча маалымат чогултуу менен ал кишилерди текшерүү жана өздүгүн тактоо процессин кыйла жакшырта турганын белгиледи.

Жаңы талап кимге тиешелүү?

Саамалык туристтик, студенттик жана жумушчу визаларга тиешелүү. Мамлекеттик департамент жаңы киргизилген эреже дипломаттар менен расмий делегацияларды кыйгап өтөрүн айтты. Эреже жылына 14,7 миллион кишини камтымакчы.

Эмне өзгөрүү болот?

Мамдепартаменттин нормативдик актыларында виза алчу киши социалдык тармактагы баракчаларын, электрондук дарегин жана акыркы беш жылдагы телефон номерлерин көрсөтүшү керек деп жазылган.

Буга чейин телефон номер менен электрондук даректи көрсөтүү жетиштүү болчу. Бул маалымат менен виза алчу кишинин айрым соцтармактагы аккаунттарын  ачыктоо (мисалы, Facebook жана "ВКонтакте") мүмкүн эле. Азыр эки социалдык тармак тең иштөө тартибин өзгөртүп, мындай мүмкүнчүлүктү жоюп салды.

Кыргызстандык ишкер Токтобек Акматов - Sputnik Кыргызстан
700 долларга эч ким иштебейт. Кыргызстандык ишкердин Гуанчжоудагы турмушу
Жаңы эреже киргизилгенге чейин кошумча текшерүүгө алынган адам гана соцтармактагы баракчаларын көрсөтүүгө тийиш болчу. Бул категорияга террордук топтор үстөмдүк кылган аймактарга барып келген адамдар кирчү.

ВВС виза алуу шартын катаалдатуу Ак үйдүн миграциялык саясатынын жалпы багытына туура келерин жазды. Президент Дональд Трамп мыйзамсыз миграцияга каршы экени маалым. 30-май күнү ал мыйзамсыз мигранттарынын маселесин чечмейинче, Мексикадан кирген товарлардын бажы төлөмүн жогорулата берерин жар салган. Ал эми 15-февралда Трамп түштүк чегиндеги абалдан улам өзгөчө кырдаал жарыялаган. Бул АКШ менен Мексиканын чек арасында чеп курууга конгресстен кыйгап өтүп каражат алуу үчүн жасаганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0