Кубаттагычка сайылган телефонун кармап жаткан киши токко урунуп каза болду

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТелефон колдонуп жаткан адам. Архив
Телефон колдонуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22 жаштагы киши үйдө жалгыз эле, мейман болуп келчү туугандарын күтүп жаткан. Смартфонунун электр кубаты түгөнүп калганынан, кубаттагычка сайып алып керебетке жаткан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik.Тайланд шаарында телефонун кубаттагычка сайып, төшөккө коюп койгон адам токко урунуп каза болду. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Окуя Накхонратчасима айылында болгон. Басылманын маалыматына ылайык, 22 жаштагы киши үйдө жалгыз, конокторун күтүп жаткан. Смартфонунун электр кубаты түгөнүп калганынан, кубаттагычка сайып уктап калган. 

"Маркумдун сөөгүн үйүнө келген коногу көргөн. Ал чалууларга эч ким жооп бербегенинен эшикти талкалап кирип, колу күйүп калган төшөктөгү тууганын аңдаган. Каза болгон адамдын алаканында кубаттагычка сайылган бойдон калган телефон бар болчу. Тууганы дароо полицияга чалып, тез жардам чакырткан", — деп жазылат маалыматта.

Медициналык экспертиза тайланддык киши тууганы келгенге чейин беш саат мурун каза болгонун аныктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0