Модадан калбаган ырлардын рейтинги жарыяланды. Тизме

© AFP / C.PRESSThe Beatles — Битлз
The Beatles — Битлз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг ырлардын Billboard Hot 100 чартындагы ордуна, каралышына, элге таралышына таянып жасалган индекстен алып түзүлгөн. Анын ичинде сатык көлөмү жана башкалардын кайра жаздырып аткарган учурлары эске алынган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 24/7 Wall Street басылмасы бардык элдер менен көп жылдар бою элдин сүймөнчүлүгүнөн кетпеген 1000 ырдын рейтингин түздү. Тизме порталдын сайтына жарыяланды.

Сап башына британиялык The Beatles тобунун Yesterday композициясы чыкты. Түзүүчүлөр бул ыр 11 апта Billboard Hot 100 чартынын башынан түшпөй турганын айтышты. Андан сырткары, 665 ирет башка белгилүү ырчылар тарабынан ырдалып, жазылган.

Экинчи тизмеге америкалык дуэт Пол Саймон жана Арт Гарфанкелдин Bridge Over Troubled Water чыгармасы чыкты. Ыр 1970-жылы жарык көргөндөн тарта 400 ирет ырдалып, экинчи өмүр берилген.

Үчүнчү сапты британиялык ырчы Adele аткарган Rolling In The Deep ээледи. Ал хит-парадда 65 жума турган.

Мыкты ондукту ливерпулдук төрттүк The Beatles алып чыккан Hey Jude, америкалык ырчы Жона Леженда аткарган All of Me, Леди Гага ырдаган Bad Romance, андан кийин The Queen жамааты ырдаган Bohemian Rhapsody, атактуу The Beatles чыгарган Let It Be ыры жана америкалык соул-ырчы Билл Уизерстин аткаруусундагы Ain't No Sunshine толуктады.

Рейтинг ырлардын Billboard Hot 100 чартындагы ордуна, каралышына, элге таралышына таянып жасалган индекстен алып түзүлгөн. Анын ичинде сатык көлөмү жана башкалардын кайра жаздырып аткарган учурлары эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0