246 пакет кокаинди жутуп алган япониялык киши учакта жан берди

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүТренировка спецназа наркополиции Южного Федерального Округа
Тренировка спецназа наркополиции Южного Федерального Округа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизаттын жалпы салмагы 1,5 килограммды түзгөн.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Колумбиядан мекенине кайтып бараткан япониялык киши учакта көз жумганын британиялык The Guardian басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, учак ичиндеги жүргүнчүнүн бири калтырап-титирей баштаганынан улам Мексиканын борбор шаарына конууга аргасыз болгон. Бирок аба кемеси конгучакты эле эркек киши үзүлүп кеткен. Анын өлүмүнө ашкере көп баңгизатынан улам жүрөгүнүн токтоп калышы себеп болгон. Дарыгерлер сөөктү алып калып, учактын андан ары сапарын улоосуна уруксат берген.

​Сөөктү сойгондон кийин япондук киши 246 желим пакетке салынган кокаинди жутуп алганы белгилүү болгон. Баштыкчалардын ар биринин көлөмү 1х2,5 сантиметр экени айтылды. Баңгизаттын жалпы көлөмү 1,5 килограммды түзгөн.

Полициянын маалыматы боюнча, маркум Япониянын 49 жаштагы жараны болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0