Эркектин ала жипти атташына табият күнөөлүүбү? Төшөк кумары жөнүндө 5 миф

© AFP / TED ALJIBEДень святого Валентина в Маниле
День святого Валентина в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жарандары катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Британиялык сексолог Аликс Фокс төшөк кумары тууралуу 5 мифти жокко чыгарган иликтөө жүргүздү. Анын жыйынтыгын The Sun басылмасы жазды.

Иликтөөгө Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жарандары катышкан.

Сүйүү жазда башталабы?

Влюбленные - Sputnik Кыргызстан
Төшөк кумарына баткан америкалыктардын саны барган сайын азаюуда
"Сүйүү жазда башталат" деген калыптанып калган түшүнүк бар эмеспи. Аны көпчүлүк күндүн жылышы менен дене кумарына жооп берген гормондор көбүрөөк бөлүнүп чыга баштайт деп ишенет. Бирок Фокс бир жыл бою эркектерге чырайлуу, жарым жылаңач аялдын сүрөтүн көрсөтүп келген. Анда ар бир жигит жылдын кайсы мезгили экенине карабай сүрөттөгү сулууга бирдей реакция кылары аныкталган. Ошондой эле адис "сүйүү" чакырган гормондор жазында эле оргуштай турган болсо, балдардын басымдуу бөлүгү кыш айларында төрөлмөк" деген пикирде.

Аялдар "уяттуу" видео көрбөйбү?

Көрөт! Мындай бүтүмгө келүү үчүн адистер 3 миң кыз-келинди сурамжылоого алган. Анда ар бир үчүнчү аял жумасына жок дегенде бир жолу, ар бир экинчиси айына бир ирет порнографиялык маанидеги видео көрөрүн моюндаган. Суралгандардын басымдуу бөлүгү видеону жеке өз ырахаты үчүн көрөрүн айтып берген.

Афродизиактар

Көпчүлүк сексуалдык жашоонун жакшырышына айрым азык-түлүктөр жардам берет деп ишенет. Чындап эле эң күчтүү афродизиак болуп эсептелген деңиз азыктары эркектин бел суусунун сапатын жакшыртары далилденген. Бирок алар эч убакта каалоо же фантазияны күчөтө албайт.

Эркектин "солго" басканы жаратылыштанбы?

Адам баласына акыл киргенден бери "Эркек болушунча көбүрөөк тукум калтырууга аракет кылат. Бул анын табияты" деген түшүнүк бар. Анүстүнө эркектердин патриархат замандан калган актануусу" дейт Фокс. 2000ден ашуун аял-эркектер катышкан изилдөөдө аял дагы, эркек дагы өмүр бою өзүнө жаңы, идеалдуу түгөй издей турганы аныкталган. Болгону, бул тууралуу аял киши ачык айтпайт.

"Көкүрөктүү" аял

Катардагы кыз-келиндер чоң төштүү аялдарды жаман көрүшөт, тагыраагы, алардын эркекке болгон таасири күчтүү деп чочулашат. Бирок Европанын ар кайсы өлкөлөрүнөн 5 миңдей эркек катышкан иликтөө күтүлбөгөн жыйынтык берген. Ага таянсак, жигиттер көлөмдүү көкүрөктү карап коюуга каршы эмес. Бирок баары бир сүйгөн аялынын төшү идеалдуу көрүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0