Шаурманы кантип пайдалуу тамакка айландырса болот. Диетологдордун иликтөөсү

Жазылуу
Диетолог Сергей Обложконун айтымында, шаурмада негизинен туура тамактанууга тиешелүү бардык азыктар бар.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Диетологдор кадимки шаурманы кантип пайдалуу тамакка айландырса болорун айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Диетолог Сергей Обложконун айтымында, шаурмада негизинен туура тамактанууга тиешелүү бардык азыктар бар. Мисалы, эт жана жашылчалар.

"Шаурмада эки нерсе ден соолукка зыяндуу. Биринчиси — нормадан ашык кошулган май, экинчиси — камыр. Андыктан, этти салып жатканда майын азыраак кыл деп сурансаңыз болот. Ал эми камырдан арылыш үчүн оролуп, бирок ичинде эч нерсе жок эки четин кесип салыңыз. Ошондо организмге пайдалуу белок, углевод жана клетчаткаларды ала аласыз", — деди Обложко.

Мындан тышкары, адистер шаурманы даярдап жаткан адам бат-баттан колун жууп туруусун эскертет. Анткени көпчүлүк учурда тамак сиңирүү органдарында оорулар гигиенанын жоктугунан пайда болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0