Диетологдор көздүн көрүүсүн начарлаткан азык-түлүктөрдү атады

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүАкция "Тотальный диктант" в зарубежных странах
Акция Тотальный диктант в зарубежных странах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көз мыкты көрүш үчүн зыяндуу азык-түлүктөн баш тартуу жетиштүү эмес. Бул органга бапестеп мамиле кылып, зарыл учурда витамин ичип туруу керек.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Диетологдор көп жеген учурда көздүн көрүүсүн начарлатып жибере турган азык-түлүктөрдү атады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Сап башында ак нан турат. Анын курамында пайдалуу зат жок, бирок крахмал көп болгондуктан, организм көбүрөөк инсулин иштеп чыгарат. Ал эми бул зат алысты көрүүнү начарлатат. Ушул эле катарда макарон, күрүч жана таттуулар турат.

Ожирение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Чоң курсактан бир айда кантип арылса болот. Адистердин аныктамасы
Кооптуу азыктардын ичинде кофе бар. Аны күнүнө 2-3 чыныдан көбүрөөк ичсе кан тамырлар ичкерип, көздөгү кан айлануу начарлайт.

Кан тамырлардын ичкеришине ичимдик дагы түрткү болот. Көп ичкен учурда мээнин көздүн көрүүсүнө жооп берген бөлүгүнө доо кетип, көрүү нервдери кысылат.

Көздүн дагы бир душманы — туз. Көп жеп койгон учурда суу организмде көпкө кармалып, кан басымды жогорулатат. Мындай учурда катаракта илдети пайда болот.

Көз мыкты көрүш үчүн зыяндуу азык-түлүктөн баш тартуу жетиштүү эмес. Бул органга бапестеп мамиле кылып, зарыл учурда витамин ичип туруу керек. Мисалы, көздүн ачышып же бат талып кетиши В2 витамининин жетишсиздигинен кабар берет. Эгер жаш чыга берсе, B12 витамини пайдалуу. Ал эми жарыктан көздү ала качып жатсаңыз, организмде цинк элементи аз.

Жаңылыктар түрмөгү
0