Суу каптай турган ири шаарлар — Лондон, Нью-Йорк, Шанхай. 2100-жылга саресеп

© REUTERS / TERRAY SYLVESTERСуу каптоо. Архив
Суу каптоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары деңиз сууларынын деңгээлин изилдеген ири эмгектин аягына чыкты.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Дүйнөдөгү ири шаарлар климаттык өзгөрүүлөрдөн улам 2100-жылы суунун алдында калат. Бул изилдөө Американын Улуттук академиясынын журналына жарыяланганын ВВС билдирди.

АКШ менен Улуу Британиянын окумуштуулары деңиз сууларынын деңгээлин изилдеген ири эмгектин аягына чыкты. Алар Гренландия менен Антарктиканын аймагындагы муз катмарларын иликтеп чыгып, дүйнөнүн океандарындагы суулардын көбөйүү деңгээлинин темпи эки эсе өсүп жаткандыгын айтышты.

Разработка месторождения Джеруй в Таласской области / - Sputnik Кыргызстан
Булуттар жок болуп кетиши мүмкүн. Андан ары эмне болорун адистер айтып берди
Адистердин эсебине караганда, көмүр кычкыл газынын аралашмасынын атмосферада көбөйүп жатышы 80 жылдын ичинде глобалдык орточо температураны беш градуска көбөйтөрүн жазышты.

Бул дүйнөлүк океандардын деңгээлин 62ден 238 сантиметрге чейин көтөрөт. Анын кесепетинен улам кургак жер 1,79 миллион чарчы метр аймагынан кол жууйт. Учурда аталган жерлерде 187 миллион киши жашап жатат.

Дүйнөлүк океандарда суу көлөмүнүн көбөйүшү АКШны кошуп, Британия менен Европа өлкөлөрүн камтый турганы айтылат. Андан сырткары, Түштүк жана Чыгыш Азиянын бир топ аймагына таасирин тийгизмекчи. Суу алдында Лондон, Нью-Йорк жана Шанхай шаарлары калышы мүмкүн экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0