Президенттикке киришкен Зеленский Жогорку Раданы таратты

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүИнаугурация избранного президента Украины В. Зеленского
Инаугурация избранного президента Украины В. Зеленского - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн жаңы лидери депутаттарды мыйзамсыз байыгандарды кылмыш жоопкерчилигине тарткан мыйзам кабыл алууга чакырды.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Украинанын президенттик кызматына киришкен Владимир Зеленский Жогорку Раданы мөөнөтүнөн мурда таратты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Мен Жогорку Раданын сегизинчи чакырылышын таратам. Украинага даңк!" — деди Зеленский.

20-майда, дүйшөмбү күнү, эртең менен инаугурация салтанаты өттү. Зеленский украин элине ант берип, андан соң Конституциялык соттун башчысы анын кызматка киришкенин жар салды.

Владимир Зеленский жубайы Елена менен - Sputnik Кыргызстан
Украинанын 41 жаштагы болочок биринчи айымы. Елена Зеленская жөнүндө фактылар
Раданын шайлоосу үстүбүздөгү жылдын октябрь айына пландалган. Эми болсо депутаттардын эки эле айы калды.

Өлкөнүн жаңы лидери парламентарийлерди депутаттык кол тийбестикти алып салууга жана мыйзамсыз байыгандарды кылмыш жоопкерчилигине тарткан мыйзам кабыл алууга чакырды.

30-апрелде Украинанын БШКсы элдин 73,22 пайыз добушун алган Зеленский президенттик шайлоодо жеңишке жетишкенин билдирген. Ал эми Петр Порошенкону шайлоочулардын 24,45 пайызы колдоп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0