Окумуштуулар: балдарын веган кылып чоңойткон ата-энелерди жоопко тартуу керек

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин ырасташынча, балдарга бир гана жашылча чөптөрдү бергенде алардын денесинин өсүшү ойдогудай болуп калыптанбайт.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Балдарын веган кылып тарбиялаган ата-энелерди тезинен сот жоопкерчилигине тартуу керек. Мындай пикирге Бельгиянын медицина боюнча падышачылык академиясынын дарыгерлери келгенин The New York Post басылмасы жазды.

Адистердин ырасташынча, балдарга бир гана жашылча чөптөрдү бергенде алардын денесинин өсүшү ойдогудай болуп калыптанбайт

"Медициналык көз караш менен алганда балдарды веган кылып чоңойтконго болбойт, керек болсо тыюу салынат. Өзгөчө алардын бою өсүп жаткан учурда бул кедергисин тийгизет", — деп белгиленет маалыматта.

Дарыгерлердин айтымында, балдар өсүп жаткан учурда мал-жандыктын этиндеги, сүт азыктардагы аминокислоталар организм үчүн абдан талап кылынат. Бул микроэлементтер вегандардын тамагында дээрлик кездешпейт.

Вегандар — эттен, жумурткадан, сүт азыктарынан, балдан жана башка мал-жандыктын эти кошулган азыктардан баш тарткан адамдар.

Жаңылыктар түрмөгү
0