Шварценеггерди далыга тепкен киши анын фанаты экен

© AFP / MICHELE SPATARIАктёр Арнольд Шварценеггер
Актёр Арнольд Шварценеггер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шварценеггер Түштүк Африка Республикасында күйөрмандары менен жолугушуп жаткан учурда аны бейтааныш киши секирип келип далы жакка тепкен.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Актёр Арнольд Шварценеггер күйөрмандарын ага Африкадагы кол салуу боюнча кабатырланбоого чакырды.

"Мени тепкенин силер сыяктуу видеодон көрдүм. Бул акмак снепчаттагы түз эфирди үзгүлтүккө учуратпаганына кубандым", — деп актёр Twitter баракчасына жазган.

​Arnold Classic Africa иш-чарасынын уюштуруучулары актёрго өзүнүн адаттан тыш жоруктары менен белгилүү болгон "ашынган фанат" кол салганын айтты. Өз кезегинде Шварценеггер фанатка карата эч кандай доосу жок экенин билдирген.

Эске салсак, Шварценеггер Түштүк Африка Республикасында күйөрмандары менен жолугушуп жаткан учурда аны бейтааныш киши секирип келип далы жакка тепкен.

Бактыга жараша актёр олуттуу жаракат алган эмес. Жергиликтүү ЖМКлардын жазганына карганда, бейбаштык кылган киши полиция тарабынан дароо кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0