Тарбиячынын айынан эки жашар кыз бакчанын 2-кабатынан кулап кетти. Казакстандагы окуя

© AFP / TOBIAS SCHWARZБала бакчадагы балдар. Архив
Бала бакчадагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция учурда окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Талдыкоргондо эки жашар кыз "Карлыгаш" деп аталган бала бакчанын 2-кабатынан кулап кеткенин Sputnik Казакстан жазып чыкты.

Турак үйдүн жанында турган тез жардам кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин чок ортосунда киши 8-кабаттан кулап кетти
Интернетте камерага түшүп калган окуянын видеосу пайда болду. Кадрда бала бакчанын кенже тайпасында иштеген аял кызды колуна алып, ачык турган терезенин кырына койгон. Жанында дагы бир бөбөк турат. Тар жерде батышпагандыктан кыз терезенин торуна таянууга аргасыз болгон. Тор туруштук бере албай, наристе жерге кулаган.

Ал эми дагы бир видеого (сыртка орнотулган камера) бөбөктүн кулап баратканы түшүп калган.

Ушу тапта кылмыш иши козголуп, ал полициянын тыкыр көзөмөлүндө. Ал эми кулаган кыз облустук оорукананын реанимация бөлүмүндө экени айтылып, абалы туруктуу оор деп бааланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0