Нью-Йоркто официант 424 миң долларын унутуп кеткен аялга акчасын кайтарып берди

© AFP / FRANK PERRYОфициант. Архив
Официант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчанын ээси Карен Винакур ресторанга бир нече күндөн кийин келип банктык чегин унутуп кеткенин айткан.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Нью-Йорктогу пиццерияда иштеген официант кардардын унутуп кеткен 424 миң долларлык (29,6 млн. сом) банктык чегин кайтарып берди. Бул туурасында жергиликтүү Daily News гезити жазды.

Маалыматка ылайык, 4-май күнү официант Армандо Маркадж столдун үстүн жыйнап жатып банктык чек салынган конвертке көзү түшкөн.

"Ишемби күндөрү өтө көп адам болот. Аз жерден конвертти таштандыга ыргытып жибере жаздадым. Маалында байкап калдым. Адатта кардарлар унутуп кеткен буюмдарды атайын коюлган ящикке салып коёбуз. Мында мен конвертти пиццериянын ээсине алып барып бердим", — деп айткан 27 жаштагы Маркадж.

Акчанын ээси Карен Винакур ресторанга бир нече күндөн кийин келип банктык чегин унутуп кеткенин айткан. Ал каражатка батир алып, баштапкы суммасын төлөмөк экен. Акчасын тапканына кубанган аял официантка сый акы бермекчи болгон. Бирок жигиттин баш тартып койгону айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0