Итти алдаган аюунун куулугу. Онтариодогу окуя

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүАюу. Архив
Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургун кара аюулардын алар жашаган аймакка көп келерин, бирок адамга, үй жаныбарларына кол салбагандыгын билдирген.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Канада аймагындагы Онтарио провинциясында аюу айылдагы итке бугунун сөөктөрүн ташып келип берип тургандыгын Daily Mail басылмасы жазды. 

Акылдуулугун кара! Гамакта жатып алып эс алган аюунун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Акылдуулугун кара! Гамакта жатып алып эс алган аюунун видеосу
Канадалык Жесси Жордан ити үч күн бою бугунун сөөктөрүн кемирип жатканына таңгалганын айтып берген. Ал тургай, сөөк сатып бербегендигин эстеген. Жесси Жордан бул барып келип эле ошол аймакта көп пайда боло калчу кара аюулардын колунан келген иш деп башкаларды ынандырган. Буга жырткычтын таштанды челекти бейкапар, жайма-жай аңтарып чыгууга кылган аракети себеп болгондой. Анткен менен кожоюн ити Бриклберринин "пара алып жаткан жеринен" кармап албагандыгын кошумчалаган.

Жордан кара аюулардын алар жашаган түндүк аймакка көп келерин, бирок адамга, үй жаныбарларына кол салбагандыгын билдирген. Жергиликтүү элдин айтымына караганда, жырткычтар эл жашаган жерге негизинен тамак-аш издеп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0