Казакстандын министрлиги 9 жылдан бери соттошкон АКШ компанияларын утуп алды

Жазылуу
Соттук иш 2010-жылдан бери созулуп келген.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Казакстандын министрлигин миллиондогон суммага сотко берген АКШнын компаниялары сотто жеңилип калды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялын зордукчуларга салып берип Кыргызстанга качкан казак жараны кайтарылды
2010-жылы декабрь айында АКШнын Turan Petroleum, Inc. (Делавэр штаты), Energyfund, Inc. (Колумбия округу) жана Trustees for Trek Resources, Inc. (Невада штаты) аттуу компаниялары Казакстандын Энергетика министрлигин сотко берген. Дээрлик тогуз жылга созулган соттук ишке эми чекит коюлду. Тагыраагы, Колумбия (АКШ) округу боюнча сот 26-апрель күнү 180 миллион долларлык доо арызды канааттандырган жок.

Америкалык компаниялар Казакстандын Энергетика министрлигин мунай, газ чыккан Арыс жана Арал кендерин иштетүү, эксплуатацияга берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимдерди бузду деп айыптаган.

Бирок Колумбия округунун соту Казакстандын позициясын туура деп таап, америкалык компаниялардын доосун четке какты.

Жаңылыктар түрмөгү
0