Түркияда 53 кишинин өмүрүнө забын болгон адам өмүр бою эркинен ажыратылды

© AFP / DEMIROREN NEWS AGENCYТүркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында жайгашкан Рейханлы шаарында теракт уюштурду деп айыпталган Юсуф Назик
Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында жайгашкан Рейханлы шаарында теракт уюштурду деп айыпталган Юсуф Назик - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкер былтыр колго түшүрүлгөн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясында жайгашкан Рейханлы шаарында теракт уюштурду деп айыпталган Юсуф Назик өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу NTV телеканалы билдирди.

Похороны погибших при серии взрывов на Шри-Ланке. 24 апреля 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Бардар жашашкан. Шри-Ланкада жардырууну уюштурган жанкечтилер тууралуу
Белгилей кетсек, каргаша 2013-жылы 11-май күнү болгон. Мина коюлган эки унаа жарылып, андан 53 киши каза таап, 155 адам ар кандай жаракат алган. Түркия болгон окуяны теракт деп атап, күнөөнү Сирияга койгон. Ал эми аталган мамлекет терактыга тиешеси бар экенин четке каккан. Натыйжада шектүүлөрдүн баары түрк экстремисттик тобуна тиешелүү болуп чыккан.

Телеканал тараткан маалыматта сот Назикке 53 ирет өмүр бою абакта отуруу өкүмүн чыгарган. Кылмышкер былтыр сентябрда Сириянын Латакия провинциясында колго түшүрүлүп, Түркияга алып келингенден кийин жардыруунун жоопкерчилигин өз мойнуна алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0