БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги ашыкча салмак көптөгөн оорулардын себепкери экенин айтып, жарандарды арыктоого чакырды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Министрлик арыктоо үчүн туура тамактанууну, ичимдик менен чылымдан баш тартууну жана көп кыймылдоону сунуштайт.
Кыймыл демекчи, Өзбекстанда элдин саламаттыгы үчүн "Жөө басуу күнү", "Ден соолукка карай жол", "Сейилдөө күнү", "Беш чакырым жөө басуу" сыяктуу спорттук иш-чаралар байма-бай уюштурулуп турат.
"Жөө басуу жүрөк-кан тамыр ооруларын, инсультту, залалдуу шишиктерди, өпкө илдеттерин жана кант диабетинин алдын алат. Мындан тышкары, ашыкча салмактан арылуу менен көптөгөн жаман адаттарды таштаса болот", — деп айтылат макалада.
Эске салсак, буга чейин Германиянын Йена шаарынын Фридрих Шиллер университетинин окумуштуулары тамактануунун кесепетинен адам өлүмү көп катталган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялаган. Тизмеде Өзбекстан сап башында турат. Ал эми Кыргызстан 3-орунда.