01:31 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
Жер. Архивдик сүрөт

Адамзаттын 50 жылда планетаны кандай өзгөрткөнү иликтенди

© NASA .
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
205 0 0

Окумуштуулардын айтымында, кесепеттүү процессти токтотуу жолу бар.

БИШКЕК, 12-май. — Sputnik. Эксперттердин биоартүрдүүлүк жана экосистемалык кызмат көрсөтүү боюнча өкмөттөр аралык тобу (IPBES) ири иликтөө жүргүзүп, адам баласы 50 жылда планетага кандай таасир эткенин көрсөтүп берди.

Изилдөөгө 400дөн ашуун окумуштуу менен эксперттер тартылып, үч жыл аралыгында чогулткан 15 миңдей илимий маалыматты анализдеген.

Натыйжада ушу тапта жаныбарлардын бир миллионго чукул түрү таптакыр жоголуу алдында экени, кургакта жүргөн түрлөрдүн саны 20 пайызга азайганы айтылат. Мындан тышкары, амфибиялардын 40 пайызы, кораллдардын 33 пайызы жана суудагы сүт эмүүчүлөрдүн үчтөн бир бөлүгүнүн жер бетинен жоголуу кооптуулугу бар.

"Жердин үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү менен таза суунун 75 пайызы айыл чарба муктаждыгы жана мал кармоого пайдаланылат. Жыл сайын планетада 60 миллиард тонна ресурс казылат экен. 1970-жылдан тарта айыл чарба продукциясын өндүрүү үч эсеге көбөйүп, бак кыюу 45 пайызга жогорулаган. 50 жыл ичинде жер кыртышынын жалпы түшүмдүүлүгү 23 пайызга начарлады", — деп айтылат макалада.

Окумуштуулар океанга жыл сайын 300-400 тонна оор металл жана өнөр жайдан чыккан ар кандай уулуу калдыктар ыргытыларын аныкташкан. Мындан улам жалпы океанда жалпы аянты 245 миң чарчы чакырымды түзгөн 400 "өлүү аймак" пайда болгон. Бул Улуу Британиянын жалпы территориясынан чоң. Мындан тышкары, 1992-жылдан бери шаарлардын аянты да өскөнү айтылат.

Илимпоздор мунун баары сел, бороон-чапкынды шарттап, андан 300 миллиондун тегерегиндеги адам зыян тартып келерин жар салышууда. Алардын айтымында, 2050-жылга чейин мындай негативдүү процесстин токтой турган түрү жок.

Иликтөө тобунун жетекчиси Роберт Уотсон адамзат "экономикасынын негизин, азык-түлүк коопсуздугун жана саламаттыгын уратып жатканын" белгиледи. Анын айтымында, бул көрүнүштү өзгөртүүнүн жолу бар, бул үчүн "технологиялык, экономикалык жана социалдык факторлорго, анын ичинде парадигма, максат жана баалуулуктарга" байланыштуу коомду кайра түзүү зарыл.

Тема боюнча

Беш жылдан кийин Жерге кооптуу делген астероид жакындап келет
Белгилер:
жаратылыш, экономика, зыян, табият, Окумуштуулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ