BBC радиосу канзаданын ымыркайын шимпанзеге салыштырган кызматкерин иштен алды

© REUTERS / POOLУлуу британиянын канзадасы Гарри жубайы Меган Маркл менен
Улуу британиянын канзадасы Гарри жубайы Меган Маркл менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Канзада Гарри менен Меган Маркл 6-майда уулдуу болгон.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Улуу Британиянын BBC корпорациясы алып баруучусу Дэнни Бейкерди иштен алды. Бул тууралуу маалыматты алып баруучу өзү Twitter баракчасына жазды.

Британская королева Елизавета II - Sputnik Кыргызстан
Елизавета II эмне тамак жейт? Канышанын мурдагы ашпозчусу үн катты
Маалыматка караганда, Бейкер соцтармактагы баракчасына канзада Гарри менен Меган Марклдын ымыркайын шимпанзеге теңеген пост чыгарган. Мындан улам ага корпорация тарабынан ушундай жаза колдонулган.

Алып баруучу төрөтканадан чыккан жубайлардын сүрөтүнө ымыркайдын ордуна маймылдын башы чапталган сүрөттү коюп, алдына "Падышачылыктын ымыркайы ооруканадан чыкты" деп жазган. Анын мындай билдирүүсү коомчулукта бир топ чуру-чуу жараткан.

Элдин мындай нааразычылыгынан кийин Бейкер билдирүүсүн өчүрүүгө аргасыз болгон.

Канзада Гарри менен Меган Маркл 6-майда уулдуу болуп, ага Арчи Харрисон Маунтбаттен-Виндзор деген ысым берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0