Күндөн коргоочу бет майдын зыяны бар экен. Иликтөө

Жазылуу
Каражат рак клеткаларынын пайда болушуна, аллергияга жана көздүн, өпкөнүн жабыркашына алып келет.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Күндөн коргоочу бет майлардын курамындагы химиялык каражаттар теридеги айрым концентраттардын нормасын 419 эсе көбөйтүп салат. Бул тууралуу АКШнын санитардык көзөмөл башкармалыгынын адистеринин иликтөөсүнө таянып The Daily Mail басылмасы жазды. 

Жүргүзүлгөн экспериментке 23 адам өз ыктыяры менен катышып, бир нече күн бою күнүнө төрт жолудан күндөн коргоочу бет май сүйкөнүп турушкан.

"Бешинчи күнү медиктер иликтөөгө катышкан кишилердин канын текшерип, курамындагы активдүү заттар демейдегиден жогорулап кеткенин байкашкан. Бул көрүнүш рак клеткаларынын пайда болушуна, аллергияга, көздүн, өпкөнүн жабыркашына алып келет. Мындан тышкары, терини кургатып жиберет", — деп айтылат макалада.

Бирок адистер мындай жыйынтык күндөн коргоочу каражаттардан баш тартууга себеп болбошу керектигин эскертет. Анткени эксперимент жүргүзүлгөн төрт күн ичинде бир киши эки кутудан бет май колдонгон. Ал эми күнүмдүк турмушка адам бир куту бетмайды бир жылга жакын убакыт пайдаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0