Парижде бүргө каптап кеткен полиция комиссариаты жабылды

© Sputnik / Ирина Калашникова / Медиабанкка өтүүВ офисе МВФ в Париже произошёл взрыв
В офисе МВФ в Париже произошёл взрыв - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкерлер курт-кумурскалар чакканын айтып, дарыгерлерге көп кайрыла башташкан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Париждин 19-районунун полиция комиссариатынын имаратын бүргө каптап жабылууга аргасыз болду. Бул тууралуу Alliance укук коргоо профсоюзу билдирди.

Ага ылайык, полициянын имараты көп жылдан бери курт-кумурсканын чабуулуна кабылып келгендиктен, кызматкерлерге да бир топ кыйынчылык жараткан.

"Кызматкерлер түрдүү курт-кумурскалар чагып алганын айтып, дарыгерлерге көп кайрылып келишкен. Эң коркунучтуусу, алар мителерди үйүнө чейин алып келип, жашаган үйүнө да жуктурушу ыктымал", — деп уюм өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Профсоюз бийликтин эч нерсе кылбаганын сындап, имараттагыларды коопсуз жайга чыгарып, бардык санитардык иштер жасаларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0