Аргентинада аттракцион бузулуп, кардарлар 4 саат абада салаңдап турду. Видео

© Sputnik / Андрей Соломонов / Медиабанкка өтүүАттракцион. Архив
Аттракцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аргентинада оюн-зоок сейил багында аттракцион бузулуп калып, кардарлар төрт саат абада салаңдап турду.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. TN телеканалынын билдиргенине караганда, окуя Сан-Хуан провинциясында жекшембиге караган түнү болду.

"Барскан" деп аталган аттракцион көтөрүлүп барып, эң бийик чекитине жеткенде бузулуп калган.

20 метр бийиктикте 36 адам башы менен ылдый караган бойдон асылып калган. Өрт өчүрүү кызматынын куткаруучулары аларды бир нече сааттан кийин гана бошотуп алышты.

​Учурда окуянын себептери такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0