Челябинскиде наристе менен төрт адамды өлтүрдү делген киши кармалды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн адам аталган шаардын 33 жаштагы тургуну болуп чыкты.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Челябинскиде беш адамды өлтүрдү делген киши кармалды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Бычак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто мас иниси бычактады деген киши каза болду
Эске салсак, 4-май, ишемби күнү, Челябинск облусуна караштуу Нязепетровск шаарында массалык киши өлтүрүү фактысы катталып, төрт киши менен төрт жаштагы наристенин бычакталган сөөгү табылган. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, турак үйдөн коляскада жаткан дагы бир бөбөк тирүү табылган.

Россиянын аймактар аралык тергөө комитетинин тергөө башкармалыгынан билдиришкендей, кылмышка шектүүнү изин суутпай кармашкан. Колго түшкөн адам аталган шаардын 33 жаштагы тургуну болуп чыккан. Ал тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.

Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0