Шишкебектин ден соолукка пайдалуу жактары айтылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүШашлык. Архивное фото
Шашлык. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөгө ылайык, эт маринаддалып жатканда курамындагы антиоксиданттык заттар көбөйөт. Алар организмди сезгенүүдөн, жада калса рак оорусунан сактайт экен.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Шишкебекти ченеми менен жеп туруу организмге кошумча табигый антиоксиданттарды берерин "Известия" Канаданын окумуштууларына шилтеме берип жазды.

Гипермаркет АШАН в Москве - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар өлүмдү эртелеткен азыкты атады
Изилдөөгө ылайык, эт маринаддалып жатканда курамындагы антиоксиданттык заттар көбөйөт. Алар организмди сезгенүүдөн, жада калса рак оорусунан сактайт.

Көрсө, маринаддын ичиндеги татымалдар, көк чөптөр, сарымсак, бал, кызыл калемпир, лимон ширеси жана суу май шишкебектин этин мутациялык клеткалар менен күрөшө турчу бирикмелер менен байытат, ошондой эле жүрөк-кан тамыр системасынын абалын жакшыртат.

Адистер шишкебек куйкаланып бышырылган учурда дагы пайдалуу антиоксиданттары күчүн жоготпой турганын белгилешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0