18:47 24 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
Самуэль Л. Джексон жана Райан Рейнольдс. Архивдик сүрөт

2019-жылы эң көп каражат тапкан Голливуд актерлору аталды

© AP Photo / Jack English / Lionsgate
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
252 0 0

Айрым белгилүү актерлор кызыктуу роль үчүн аз суммадагы гонорарга деле макул болушкан.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ушул жылдын акыркы төрт айынын ичинде Голливуд жылдыздарынын ичинен Райан Рейнольдс 6 underground кинокартинасына тартылып Netflix платформасынан 27 миллион доллар алган. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия Variety басылмасына таянып жазды.

Экинчи орунга Дуэйн "Скала" Жонсон менен Роберт Дауни-кенжеси илинген. Экөө тең төрт айдын ичинде 20 миллион доллардан алган. Дуэйн "Скала" Жонсон бул каражатты "Форсаж: Хоббс и Шоу" тасмасына тартылып алса, Роберт Дауни-кичинекейге "Путешествие доктора Дуллитла" фильминдеги ролу үчүн төлөнгөн.

Уилл Смит 17 миллион доллар таап үчүнчү орунга илинген. Жейсон Стэтхэм 13 миллион доллар алып төртүнчү орунга чыкса, бешилтикке 12 миллион доллардан 14 миллион долларга чейин таап Том Круз илинди.

Басылманын маалыматына ылайык, белгилүү актерлор Леонардо Ди Каприо менен Брэд Питт Квентина Тарантинонун "Однажды в Голливуде" тасмасына гонорарына карабай тартылышкан. Экөө тең 2019-жылы төрт айдын ичинде 10 миллион доллар табышкан.

Актрисалардын арасынан эң көп төлөнгөн үчилтикке Эмили Блант (12-13 миллион доллар), Галь Гадот (10 миллион) жана Марго Робби (9-10 миллион доллар) кирген.

Тема боюнча

200 доллардан ашпайт! Өзбекстанда ырчылардын тойдогу гонорары аныкталды
People журналы жылдын эң сулуу аялын атады. Сүрөт
Дүйнөдөгү эң бай киши Жефф Безос аялы менен мүлкүн бөлүштү
Мигранттар 2018-жылы мекенине эң көп акча жөнөткөн
Белгилер:
Голливуд, актер, гонорар

ЭҢ МААНИЛҮҮ