Лондон соту Жулиан Ассанжды 350 күнгө камакка алды

© REUTERS / Henry NichollsАрест основателя WikiLeaks Джулиана Ассанжа
Арест основателя WikiLeaks Джулиана Ассанжа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ассанжды 11-апрель күнү Британиянын полициясы кармаган.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Лондон соту Wikileaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанжды күрөө коюп эркиндикке чыгуу тартибин бузду деген кине менен 50 жумага камакка алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Сиз полицияга өз калооңуз менен барган жоксуз. Мындан улам Эквадордун элчилиги полицияга имаратка кирүүгө уруксат берүүгө аргасыз болду. Чечим сиздин колуңузда эле! Жазаңызды жумшартуу боюнча келтирилген жүйөлөрдүн бардыгын четке кагам", — деди сот Дебора Тейлор өкүмдү окуп жатып.

Ал ошондой эле Ассанждын күрөө коюп эркиндикке чыгуу тартибин бузганы ага коюлган айыптардын эң "оору" экенин белгилеген.

Мужчина стоит с плакатом в поддержку основателя WikiLeaks Джулиана Ассанжа у Вестминстерского суда в Лондоне, где рассматривается дело Дж. Ассанжа.  - Sputnik Кыргызстан
Эквадордо Ассанждын досу кармалды
Эске салсак, 11-апрель күнү Жулиан Ассанжды Британиянын полициясы кармаган.

Чуулгандуу маалыматтарды жарыялаган WikiLeaks порталынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж 2012-жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап келген.

Ал АКШнын Афганистандагы, Ирактагы аскердик операциялары жана Гуантанамо лагериндеги шарт тууралуу жазып чыккандан кийин белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0