"Франция сулуусу" сынагынын катышуучусу трактордун алдында калып каза болду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСулуулар сынагынын катышуучулары. Архив
Сулуулар сынагынын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык Пеи-де-ла-Луар аймагында болгон.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. "Франция сулуусу" конкурсунун катышуучусу 22 жаштагы Морган Роллан трактор алдында калып каза болду. бул тууралуу Le Dauphiné libéré басылмасы жазды. 

Кырсык болор алдында кыз жигити менен Пеи-де-ла-Луар аймагында велосипед тээп жүргөн.

"Алар велосипед тээп баратканда алдынан кокусунан автоунаа чыга калган. Роллан четке чыгууга аракет кылган учурда каршы тараптан келе жаткан трактордун алдына кирип кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерге биринчилерден болуп өрт өчүрүү кызматынын өкүлдөрү келишкен, бирок бул убакта кыз үзүлүп кеткен эле. Каза болгон кыздын сөөгү ооруканага тик учак менен жеткирилген. Ал эми кыздын жигити жана трактордун айдоочусу олуттуу жаракат алышкан эмес.

Морган Роллан"Франция сулуусу" конкурсуна 2017-жылы катышкан.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0