Мурдагы сүйгөнүнө "лайк" басуу көзгө чөп салуубу? Психологдун пикири

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүСоциальная сеть "Фейсбук"
Социальная сеть Фейсбук - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер үй-бүлөсү бар туруп, социалдык тармак аркылуу башка бирөөгө көз арткандарды мындай жоруктарды токтотууга чакырат.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Социалдык тармакта мурдагы сүйүктүүсүнүн же жаңы таанышынын сүрөттөрүнө тез-тезден "лайк" басканын айрым адамдар түгөйү тараптан чыккынчылык деп эсептей баштады. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия агенттигине үй-бүлөлүк психолог Екатерина Сиванова айтып берди.

Акыркы жылдары психология илимине австралиялык окумуштуу Мартин Граф micro-cheating терминин киргизген. Англис тилинен которгондо бул "анча маанилүү эмес, виртуалдык чыккынчылык" дегенди түшүндүрөт. Бул терминди адистер адам түгөйү бар туруп, социалдык тармактарда башка бирөөгө "азгырылган" учурда колдонушат.

"Азыр өмүрлүк жарын же сүйлөшкөн жигитин (кызын) интернеттен аңдып, ал кимге "лайк" басты, комментарий жазды деп күн өткөргөндөр көп. Мен өзүмдүн кардарларыма ар дайым "социалдык тармактан башың чыкпай, бирөөнү кайтаргандан көрө, реалдуу жашоодо ачык сүйлөшкүлө" деп сунуш берем", — деди Сиванова.

Ошондой эле адис үй-бүлөсү бар туруп, социалдык тармак аркылуу башка бирөөгө көз арткандарды мындай жоруктарды токтотууга чакырат. Анткени көпчүлүк адамдар виртуалдык "жылуулукка" алымсынбай, реалдуу жашоодо жолугуп көрүүнү көздөп калышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0