53тө деп ким айтат! Сынынан кетпеген модель жаштыгынын сырын айтты

© AFP / ANDREAS SOLARO Кол жээгинде жаткан кыз. Архив
Кол жээгинде жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Модель аял беш жылдан бери эт жебейт, сүт ичпейт. Көк чайдын сазайын берген Омански өмүрүндө кофе татып көрбөгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 53 жаштагы австралиялык модель Донна Омански пластикалык операцияларсыз эле сынынан кетпеген сырын айтып берди. Бул тууралуу Daily Mail жазып чыкты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Donna Anna (@model_over50)

Квинсленд штатынын Голд-Кост шаарында жашаган Омански карьерасын 15 жашында баштаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Donna Anna (@model_over50)

"Жаш кезимде дем алыш сайын ат минип машыкчумун. Көңүл ачууга убактым жок эле. Негизи эле кыймылды жакшы көрөм. Жатып алып телевизор көрүп же отуруп алып китеп окуган жакчу эмес", — деди модель.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Donna Anna (@model_over50)

Омански ушу тапта күнүгө спортзалга барат, бирок машыгуунун тажатма болуп кетпеши үчүн түрлөрдү алмаштырып турат. Мисалы, жакындан тарта эле ал бокска бара баштаганын айтып берген. Эгер спортзалга барууга мүмкүнчүлүгү жок болсо, жок дегенде эле жарым саатын жөө сейилдегенге арнайт.

Модель аял беш жылдан бери эт жебейт, сүт ичпейт. Көк чайдын сазайын берген Омански өмүрүндө кофе татып көрбөгөнүн белгиледи.

"Кечки тамак учурунда бир аз ичимдик ууртап-татып коюшум мүмкүн. Башкача шараптарды даамдап көрүү жагат", — деди модель.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Donna Anna (@model_over50)

Омански идеалдуу фигура үчүн клетчаткасы көп диетага отурууну сунуштап, өзү эч убакта пластикалык операция жасатпаганын айтат. Анын пикиринде, жаштык менен бактылуу жашоонун сыры — машыгуу менен туура тамактануудан сырткары стресстен оолак болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0